Көп практика
Билимиңизди практикалык тапшырмалар жана долбоорлор аркылуу бекемдеңиз.

Okurmen IT менен башта
Нөлдөн баштап портфолиоңдогу алгачкы долбоорлорго чейин практикалык программалоо курстары. Чыныгы тапшырмалар менен окуп, кайтарым байланыш алып, IT тармагында талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүр.
Okurmen Studio окуучуларынын жана командасынын иштери.

2026-жылы санариптик технологиялар бизнес, билим берүү жана медицина сыяктуу көптөгөн тармактарда керек. IT адистери сайттарды жана тиркемелерди түзүп, маалыматтар менен иштеп, иштерди автоматташтырышат. Бул көндүмдөрдү ар кайсы тармактарда жана өлкөлөрдө колдонууга болот.
Нөлдөн баштаса болот: кызыгуу, практика жана кадам сайын үйрөнүүгө даярдык маанилүү.

OKURMEN окуу борбору 2022-жылдын май айында Санжарбек Мадумаров жана Улукбек Бакыбек уулу тарабынан негизделген. Бүгүнкү күнгө чейин OKURMENде 5000ден ашуун окуучу билим алды. Бул жерде 15тен 50 жашка чейинки адамдар жаңы кесиптерди үйрөнүп, заманбап көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Практикалык окуу, менторлордун колдоосу жана IT тармагында ишенимдүү кадам таштоого жардам берген долбоорлор.
Билимиңизди практикалык тапшырмалар жана долбоорлор аркылуу бекемдеңиз.
Менторлор ар бир этапта татаал темаларды түшүнүүгө жардам беришет.
Окуу учурунда портфолиоңуз үчүн долбоорлорду түзүңүз.
Кесипти ишенимдүү өздөштүрүү үчүн керектүү көндүмдөрдү үйрөнүңүз.
Ой-максаттары окшош адамдар менен чогуу үйрөнүп, өсүңүз.
Окууну аяктагандан кийин билимиңизди сертификат менен тастыктаңыз.
Учурда талап кылынган куралдарды жана технологияларды үйрөнүңүз.
Курсту бүткөндөн кийин да өнүгүүнү улантыңыз.
Код буйруктарды аракетке айлантат. Бир нече сап код учакты экранда кантип кыймылдатарын көрүңүз.
|Багытты тандап, IT тармагындагы жолуңузду баштаңыз.
Окуу форматы
Гибриддик формат аудиториядагы жана онлайн сабактарды айкалыштырат. Сен ментор менен түз баарлашып, өз темпиңде окуу мүмкүнчүлүгүн аласың.
Бишкектеги аудиторияда (Орозбекова, 136) ментор жана топ менен сабактар.
Түз эфирдеги жана жазылган сабактар — каалаган шаардан окуса болот.
Теория онлайн, практика жана долбоорлорду талдоо — аудиторияда. 3 айлык интенсивдүү программа.
Okurmen IT бүтүрүүчүлөрүнүн окуялары, жетишкендиктери жана долбоорлору.
Жүктөлүүдө…
Окуучулар окуу жана жетишкендиктери тууралуу ой бөлүшөт.
“Okurmen IT академиясында Full-Stack курсун аяктадым. Менторлор абдан тажрыйбалуу, ар бир теманы аягына чейин майдалап түшүндүрүп беришет. Практика абдан көп, долбоорлорду реальный кейстер менен жасадык. Сунуштайм!”
“Керемет атмосфера! IT тармагына нөлдөн келип, Python багыты боюнча окуп чыктым. Сабактар абдан кызыктуу өтөт, андан сырткары IT Club жана сонун community бар. Рахмат Okurmen командасына!”
“Окуу борборунун жайгашкан жери да, шарттары да абдан ынгайлуу. Турусбекова 109/1 дарегиндеги филиалы абдан кенен, техникалары жаңы. Курсту бүткөндөн кийин стажировкага да жардам беришти.”
“Практикага басым жасалганы абдан жакты. Менторлор ар бир студентке жеке көңүл бурат. IT тармагын баштагысы келгендерге №1 тандоо.”