Эң мыкты бүтүрүүчүлөр үчүн гана

Okurmen Studio

Кызыл диплом алган бүтүрүүчүлөр кардарлар үчүн реалдуу коммерциялык долбоорлордо иштеген студия — тапшырмалар, дедлайндар жана жетекчи менен.

10

орун ар бир тандоодо

3–5

реалдуу заказ бир убакта

1,5

ай стажировка

35+

балл — кызыл диплом

Студияга жолдомо

OKURMEN STUDIO

  1. Курс бүттү
  2. Финалдык долбоор корголду
  3. Кызыл диплом · 35+ балл
  4. Тандоодон өттү

Тандоодо 10 орун

Студияга жол

Окуучудан студиянын иштеп чыгуучусуна чейин төрт кадам

Студия — курстун уландысы эмес, кийинки деңгээл. Бул жерге жолду аягына чейин өткөндөр гана келет.

  1. Кадам 01

    Оку

    Frontend же Backend курсун өт: стандарт группада 7 ай же гибрид группада 3 ай.

  2. Кадам 02

    Финалдык долбоор жаса

    API, 30–40 компонент жана Vercel'ге деплою бар толук сайт. Ага 1 жума берилет (гибрид группада — 2 жума).

  3. Кадам 03

    Кызыл диплом ал

    Долбооруңду коргоп, 40 баллдан 35–40 балл топто. Кызыл диплом — студиянын тандоосуна жолдомоң.

  4. Кадам 04

    Тандоодон өт

    Практика жана логика боюнча экзамен. Бардык талапкерлердин ичинен студияга эң мыкты 10 гана кирет.

Финалдык долбоор

Финалдык долбоорду кантип коргоо керек

Коргоо төрт критерий боюнча бааланат — максимум 40 балл. Талаптар Frontend жана Backend багыттары үчүн бирдей.

10 баллга чейин

Сүйлөө

  • Англис тилинде — 10 баллга чейин
  • Кыргыз же орус тилинде — 5 баллга чейин
  • Убакыт — 5 мүнөт
  • Структуралуу, так жана түшүнүктүү
10 баллга чейин

Сайттын функционалы

  • Минимум 30–40 компонент
  • Маалыматтар сөзсүз API аркылуу
  • Серверге жүктөлүшү керек (Vercel)
  • Корзина, бронь, кирүү, админ панель, издөө, фильтр, тема, көп тилдүүлүк жана башкалар
10 баллга чейин

Теориялык суроолор

  • 15 билет, ар биринде 5 суроо
  • HTML жана CSS — 1 баллдан
  • JavaScript — 2 балл
  • React жана Redux — 3 баллдан
10 баллга чейин

Жумушка даярдык

  • GitHub'та минимум 20 долбоор — 3 балл
  • React / Vite же TypeScript менен 5–10 күчтүү долбоору бар портфолио сайт — 4 балл
  • IT багытындагы резюме PDF форматта — 3 балл

Кошумча баллдар

JWT Auth, OAuth, пагинация, skeleton UI, графиктер, ролдор, төлөм, i18n, сүрөт жүктөө, Telegram-бот, чат-бот, realtime — ар бир кошумча функция баа кошот.

Мөөнөтүнөн кечиккен долбоорлор кабыл алынбайт.

Кайсы диплом студиянын эшигин ачат

Okurmen Studio'го жолдомо

Кызыл диплом

35–40 балл

Сүйлөө 8+, функционал 9+, суроо-жооп 8+, жумушка даярдык — 10

Курс аяктады

Көк диплом

27–35 балл

Сүйлөө 5+, функционал 7+, суроо-жооп 5+, жумушка даярдык — 10

Кайра тапшыруу

Диплом берилбейт

< 27 балл

Кайра даярданып, 2 жолу тапшырса болот.

Студиянын ичинде

Студияда эмне кылабыз

Бул жөн гана окуу курсу эмес. Бул жерде чыныгы кардарлар, реалдуу тапшырмалар жана дедлайндар.

  • Веб-сайттар
  • Мобилдик тиркемелер
  • Ар кандай платформалар
  • LMS системалары
  • CRM системалары
  • AI функциялары
  • Онлайн төлөм системалары
  • Авторизация жана маалымат коргоо
  • Колдонуучулардын ролдору
  • Админ-панелдер
  • Telegram-боттор
  • Үн менен башкаруу
  • Storage жана серверлер
  • Деплой, домен, ngrok
  • Ылдамдык жана оптимизация
  • Заманбап UX/UI

…жана кардардын талабына жараша көптөгөн башка функциялар.

Азыр билбегениңди үйрөтөбүз

Бир убакта кеминде 3–5 реалдуу коммерциялык заказ болот. Студия жетекчиси командаларды жетектеп, дедлайн коюп, жаңы технологияларды ишке ашырууну үйрөтөт.

  • Төлөм системасын кошууну билбейсиңби?Үйрөтөбүз.
  • Банк картасы менен иштөөнү билбейсиңби?Үйрөтөбүз.
  • AI интеграциялоону билбейсиңби?Үйрөтөбүз.
  • PostgreSQL, migration, Telegram Bot же storage менен иштеген эмессиңби?Үйрөтөбүз.
Негизги эреже

Тапшырманы сен үчүн эч ким жасап бербейт. Биз багыт беребиз — чечимди сен өзүң табасың.

Документация, Google, GitHub жана AI-инструменттер — реалдуу маселелерди өз алдынча чечүүгө үйрөнөсүң.

Талаптар

Биз кимдерди издейбиз

Бизге экзаменди жакшы тапшыргандар эмес, өсүүгө жана реалдуу долбоорлордо иштөөгө даяр студенттер керек.

  • JavaScript жана React'тин логикасы
  • Redux жана адаптивдүү верстка
  • API, Supabase / Firebase
  • Backend'дин негиздери
  • Каталарды таап, оңдоо
  • AI-инструменттер менен иштөө
  • Командада иштөө жана дедлайндар
  • Өз алдынча үйрөнүп, кодуңду түшүндүрө билүү

Тандоо кантип өтөт

Сертификатты эмес, реалдуу иштөөгө даяр экениңди текшеребиз:

10Бардык талапкерлердин арасынан болгону 10 студент тандалат

Тандоо кеңседе өтөт: Орозбекова 136, 2-кабат

  • 01Теория жана JavaScript / React
  • 02Практика жана debugging
  • 03AI жана өз алдынча чечим издөө
  • 04Командада иштөө жана дедлайндар
Жыйынтык

Сен эмне аласың

  • Командада иштөө тажрыйбасы
  • Реалдуу коммерциялык долбоорлор
  • Күчтүү портфолио
  • Реалдуу кардарлар менен иштөө тажрыйбасы
  • Дедлайн менен иштөө тажрыйбасы
  • Next.js, TypeScript, PostgreSQL жана AI менен практика
  • Реалдуу техникалык көйгөйлөрдү чечүү тажрыйбасы
  • Акы төлөнүүчү иштеп чыгуучу болуу мүмкүнчүлүгү
  • Жумуш берүүчүгө көрсөтө ала турган долбоорлор

Эмгек акысы

01

Алгачкы 1,5 ай — акысыз стажировка

Бул убакыттагы негизги максат — реалдуу коммерциялык долбоорлор менен иштөөнү үйрөнүү: командада, дедлайн менен, тапшырмалар менен иштөө, сапаттуу код жазуу жана долбоорду аягына чейин жеткирүү.

02

Андан кийин — акы төлөнүүчү иш

Коммерциялык тапшырмаларды өз алдынча аткарууга даяр болгондон кийин эмгек акы төлөнө баштайт. Кирешенин көлөмү төмөнкүлөргө жараша болот:

  • долбоорлордун санына
  • долбоордун татаалдыгына
  • заказдын суммасына
  • сенин ролуң жана салымыңа
  • иштин сапатына жана жыйынтыгына
Студиянын командасы

Алар азыр Okurmen Studio'до

Алардын ар бири Okurmen'де окуп, финалдык долбоорун коргоп, тандоодон өттү. Азыр алар реалдуу коммерциялык долбоорлорду жасашат. Кийинкиси сен болушуң мүмкүн.

Okurmen Studio'до жасалган

Студенттерибиздин долбоорлору

Ар бир долбоорду биринчи сабактан кызыл дипломго чейин жол басып, студияга кирген студенттер жасаган.

Портфолиодогу реалдуу коммерциялык долбоор — жөн гана окуу долбоорунан бир топ чоң артыкчылык

Эгер сен жөн гана курсту бүтүрбөстөн, күчтүү IT-адис болууну кааласаң — биз сени Okurmen Studio тандоосунда күтөбүз!

0507 343 454

Завуч, Окурмэн Студия жетекчиси