Башкы бетке

Биз жөнүндө

Биз окуучуларга IT тармагын ишенимдүү өздөштүрүүгө жардам берип, алардын сабактардан жана сынактардан алгачкы долбоорлорго чейинки жолу тууралуу айтып беребиз.

Okurmen IT студенттери сабакта

2022

Академия негизделген жыл

100+

студент окуудан өткөн

Okurmen IT академиясы

2022-жылдан бери Бишкекте IT боюнча билим берип келебиз. Окуучулар теориялык билимди практикалык тапшырмалар менен бекемдеп, тандаган багыты боюнча өнүгүшөт.

2022

Академия негизделген жыл

4

негизги IT багыты

100+

студент окуудан өткөн

Билим алуу жана багыттарFrontend, Backend Python, Java жана Flutter багыттары.
Практика жана Okurmen StudioПрактикалык тапшырмалар, хакатондор жана челендждер аркылуу тажрыйба топтоо.
Финалдык долбоорлор жана экзамендерОкуунун жыйынтыгында студенттин билими жана даярдыгы бааланат.

Окуу форматы

Гибриддик окуу системасы

Гибриддик формат аудиториядагы жана онлайн сабактарды айкалыштырат. Сен ментор менен түз баарлашып, өз темпиңде окуу мүмкүнчүлүгүн аласың.

Офлайн

Бишкектеги аудиторияда (Орозбекова, 136) ментор жана топ менен сабактар.

Онлайн

Түз эфирдеги жана жазылган сабактар — каалаган шаардан окуса болот.

Гибрид

Теория онлайн, практика жана долбоорлорду талдоо — аудиторияда. 3 айлык интенсивдүү программа.

Окуу процесси кантип уюштурулган

  1. 1Топтун графиги боюнча ментор менен сабактар
  2. 2Ар бир сабактан кийин үй тапшырма жана аны ментор текшерет
  3. 3Ар бир модулда мини-долбоорлордо практика
  4. 4Куратор ар бир студенттин катышуусун жана өнүгүүсүн көзөмөлдөйт
  5. 5Окуунун аягында финалдык долбоор жана экзамен

Кошумча сабактар

  • Тема түшүнүксүз болсо ментор менен кошумча консультациялар
  • Talking Club — англис тилинде сүйлөшүү
  • Оратордук чеберчилик — долбоорлорду ишенимдүү коргоо үчүн
  • Практика үчүн хакатондор жана челленждер
Экзамендер кантип өтөт

Жыйынтыктоочу аттестация

Финалдык долбоорду коргоо

Frontend жана Backend багыттары үчүн талаптар. Эң жогорку баа — 40 балл.

Даярдануу мөөнөтү

40 баллга чейин

Стандарттык топ

Окуу мөөнөтү — 7 ай

  • Долбоор окуунун акыркы айынын акыркы жумасында башталат
  • Курс бүткөндөн кийин бүтүрүүгө 1 жума берилет

Гибриддик топ

Окуу мөөнөтү — 3 ай

  • Курс бүткөндөн кийин бүтүрүүгө 2 жума берилет

Мөөнөтүнөн кеч тапшырылган долбоорлор кабыл алынбайт.

Баалоо критерийлери

Коргоо төрт бөлүктөн турат, ар бири 10 баллга чейин.

Сүйлөө

чейин 10
  • Сүйлөө убактысы — 5 мүнөткө чейин
  • Англис тилинде — 10 балл; кыргыз же орус тилинде — 5 балл
  • Ойду так, түшүнүктүү жана иреттүү жеткирүү

Долбоордун функционалы

чейин 10
  • Иштеген функциялар жана ыңгайлуу адаптивдүү интерфейс
  • Маалыматтар API аркылуу алынат, долбоор Vercel'ге жайгаштырылат

Теория

чейин 10
  • 15 билет, ар биринде 5 суроо; студент бир билетти тандайт
  • HTML — 1, CSS — 1, JavaScript — 2, React — 3, Redux — 3 балл

Жумушка даярдык

чейин 10
  • GitHub'да кеминде 20 долбоор — 3 балл
  • React/Vite же TypeScript менен жасалган, Vercel'ге жайгаштырылган жана 5–10 мыкты долбоору бар портфолио — 4 балл
  • IT багытындагы PDF резюме — 3 балл

Долбоордо болушу керек

  • Болжол менен 30–40 компонент
  • Себет, брондоо, катталуу жана кирүү, буйрутма берүү жана сатып алуу
  • Админ-панель жана товар тууралуу толук маалымат
  • Издөө, чыпкалоо, товар кошуу жана өчүрүү
  • KG–RU–EN котормочусу, адаптивдүү көрүнүш жана бургер-меню
  • Күн/түн темасы, тандалгандар, пикирлер жана рейтинг

Кошумча функциялар кошумча балл берет

JWT жана жабык барактарБарактоо жана Google/GitHub аркылуу кирүүТолук Admin CRUD жана колдонуучу ролдоруSkeleton жүктөлүү жана каталарды иштетүүГрафиктер жана статистикаТөлөм жана сүрөт жүктөөКөп тилдүүлүкИнтеграциялар: Telegram, почта, API, чат-бот, Firebase же Socket.io

Коргоонун жыйынтыгы боюнча дипломдор

Кызыл диплом

35–40 балл

Сүйлөө — 8ден · Функционал — 9дан · Теория — 8ден · Жумушка даярдык — 10

Көк диплом

27–34 балл

Сүйлөө — 5тен · Функционал — 7ден · Теория — 5тен · Жумушка даярдык — 10дон

Диплом берилбейт

Жыйынтык 27 баллдан төмөн болсо, студент даярданып экзаменди эки жолу кайра тапшыра алат. Эки жолу тең тапшыра албаса, диплом берилбейт.

Академиянын жашоосу

Отчеттор жана жаңылыктар

Жарыялар жүктөлүүдө…