Сентябрь айында өткөрүлгөн иштер жана жетишкендиктер
Сентябрь айында «Окурмен» окуу борборунда студенттердин билим алуусун, практикалык көндүмдөрүн, жеке өнүгүүсүн жана карьералык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу багытында бир катар иш-чаралар жана жаңы демилгелер ишке ашырылды.
Оратордук курс
- 4 жолу
- ар бири 2,5–3 саат
- 335 студент
Студенттер өз оюн эркин жана так жеткирүү, аудитория алдында сүйлөө, өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча практикалык билимдерди алышты.
Talking Club
- 4 жолу
- ар бири 2 саат
- 298 студент
Студенттер ар кандай темаларда англис тилинде баарлашып, жаңы сөздөрдү практикада колдонуп, сүйлөө жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.
Жеке өнүгүү сабактары
- Кыздар үчүн — 4 жолу
- Балдар үчүн — 4 жолу
- 92 кыз, 105 бала
Сабактарда өзүнө болгон ишеним, жоопкерчилик, максат коюу жана жеке өсүү боюнча маанилүү темалар талкууланды.
10 күндүк «Күн сайын код жаз» челленджи
- 10–20-сентябрь
- 45 катышуучу
- 3 жеңүүчү
Студенттер 10 күн бою күн сайын код жазып, өздөрүнүн дисциплинасын жана практикалык көндүмдөрүн сынашты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
- 1-орун — акылдуу саат (Асир)
- 2-орун — повербанк (Кутман)
- 3-орун — наушник (Элмир)
Kahoot оюндары
- 13 оюн
Студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана билимдерин кызыктуу форматта текшерүү үчүн 13 жолу Kahoot оюну өткөрүлдү. Студенттер активдүү катышып, өз билимдерин сынап көрүштү.
Гибриддик студенттер менен түз эфирлер
- Менторлордун 15 эфири
- 80ден ашуун студент
- 40 суроого жооп
Гибриддик форматта окуган студенттер үчүн үзгүлтүксүз түз эфирлер уюштурулат. 2-октябрда Окуу бөлүм башчысы тарабынан атайын түз эфир өткөрүлүп, студенттер окуу процесси, тапшырмалар жана экзамендер боюнча түздөн-түз маалымат алышты.
Студенттер үчүн атайын сайт
- 2000ден ашуун тест
- Рейтинг
- Стипендия
Студенттердин өз алдынча даярдануусун жеңилдетүү үчүн атайын студенттик сайт иштелип чыкты. Студенттер тесттерди тапшырып, упай топтоп, рейтингге көтөрүлө алышат жана рейтингдин жыйынтыгы боюнча стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бүтүрүүчүлөр үчүн атайын группа
- Жумасына 2–3 жолу байланыш
Студенттерди курстан кийин да колдоп, анын IT тармагында өз ордун табуусуна жардам берүү үчүн бүтүрүүчүлөр үчүн атайын группа ачылды.
- Студенттердин абалы суралат
- Жумушка орношууга жардам көрсөтүлөт
- Актуалдуу вакансиялар жөнөтүлүп турат
- Бүтүрүүчүлөр менен байланыш үзгүлтүксүз жүргүзүлөт
Финалдык долбоор жана экзамен
- 30 билет
- 150 суроо
Финалдык долбоордун талаптары толугу менен иштелип чыкты. Ар бир ментор өз группасындагы студенттерди финалдык долбоорго даярдап, экзаменге алып кирет. Студент экзаменге проектиси, резюмеси жана портфолиосу менен келип, 30 билеттин ичинен 1 билет тандап жооп берет.
«Окурмен Студия» ачылды
- 7-сентябрдан бери
- 12 студент
- 12 реалдуу долбоор
Студияга бардык студенттер эмес, атайын тандоодон өткөндөр кабыл алынды: ар бир талапкер 6 сааттык экзамен тапшырды. Бул жерде студенттер реалдуу долбоорлор менен иштеп, командалык иш жана жоопкерчилик көндүмдөрүн өнүктүрүп жатышат.
«Окурмендин» жаңы сайты
- Иштелип жатат
Окуу борборунун жаңы сайты иштелип жатат: багыттар, студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр жана башка маанилүү маалыматтар бир жерде болот.
Ата-энелер менен байланыш
- Жумасына 2 отчет
- Күн сайын 150 студент менен байланыш
Студенттердин окуу процессине ата-энелерди да активдүү тартуу максатында ата-энелер менен үзгүлтүксүз байланыш жүргүзүлүүдө.
Студенттерден пикир алуу
- Күн сайын 30дан ашуун отзыв
- 0 жалоба
Пикирлердин негизинде окуу процессиндеги көйгөйлөр жана сунуштар талданып турат. Эң маанилүүсү — алынган пикирлердин арасында бир да жалоба болгон жок.
Октябрдагы иш-чаралар
- 3-октябрь
Talking Club жана Оратордук курс
Студенттер үчүн Talking Club жана Оратордук курс өткөрүлдү.
- 4-октябрь
Гапыр Мадаминов менен семинар
Студенттер жана ата-энелер үчүн атайын семинар.
- 11:00 — студенттер үчүн семинар
- 15:00 — ата-энелер үчүн семинар
- 6-октябрь
MBANKка экскурсия
Узактыгы — 1,5 саат. MBANKтын 3 разработчиги студенттер үчүн атайын семинар өткөрүшөт.
- IT тармагында жумушка кантип орношуу керек?
- Резюме жана портфолиону кантип туура даярдоо керек?
- Жумушка кирүүдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Жыйынтык
- Окуу
- Практика
- Оратордук өнүгүү
- Жеке өсүү
- Рейтинг жана стипендия
- Экзамен жана финалдык долбоор
- Карьералык колдоо
- Реалдуу долбоорлор
- Ата-энелер менен байланыш
«Окурмен» — бул жөн гана IT үйрөтүүчү борбор эмес, студентти окуудан баштап реалдуу долбоорго жана кесиптик өсүүгө чейин коштоп барган билим берүү системасы.
Окуу бөлүм башчысы — Арууке Тазабекова
